Японияда 50 жаштагы жаран аялдамада турган 18 адамды бычактап салган. Жаракат алгандардын экөө каза болду, алардын бири 1-класстын окуучусу. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү өзүн өзү бычактап, оор жаракаттан улам көз жумган.
"Кылмышка шектүү аялдамада коомдук транспорт күтүп турган 18 адамды бычактаганга жетишкен. Анын 16сы 1-класста окуган кыздар. Оор жаракаттан улам мектеп окуучусу жана алардын биринин атасы каза болду. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.