Дүйнөнүн эң бай адамы Жефф Безостун мурдагы жубайы байлыгынын тең жарымын кайрымдуулукка жумшайт

"Forbes" журналынын версиясы боюнча 2 жыл катары менен дүйнөнүн эң бай адамы деп табылган Жефф Безостун мурдагы жубайы байлыгынын тең жарымын кайрымдуулукка жумшайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Маккензи Безостун социалдык тармактагы жеке баракчасына калтырган билдирүүсүнө таянып жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Маккензи Безос кайрымдуулук иретинде Билл Гейтс негиздеген "Клятва дарения" компаниясына каражат бөлүп бере турганын айткан.

"Менин активимде эсепсиз акча каражаты бар. Мен ал акчаларды башкалар менен бөлүшкүм келди. Кайрымдуулук иштерине аябай кылдат мамиле кылам. Сейфимдеги акчам түгөнгөнчө жардамга муктаждарга кол сунуп, кайрымдуулук иштерин жасайм", - деген ал.

Ал эми Жефф Безос мурдагы жубайынын мындай демилгесин колдоп, аны менен сыймыктана турганын айткан.

"Маккензи кайрымдуулук иштерине терең ойлонуу менен мамиле кылып жатат. Мен аны менен сыймыктанам. Анын кайрылуусу дагы аябай жакшы жазылган. Алга, Маккензи!" - деген Жефф Безос.

Жефф Безос менен Маккензи Безос ушул жылдын январь айында ажырашып жатканы маалымдалган. Ал эми апрель айында түгөйлөр расмий түрдө ажырашып, мүлктөрдү бөлүшүп алышкан. Ага ылайык, "Amazon" компаниясынын 4 пайыз акциясы (37 миллион доллар) Маккензи Безоско берилген.

Маккензи Безос "The Washington Post" гезити жана "Blue Origin" компаниясындагы акциясынан баш тарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
taalai1008
2019-05-29 11:43:34
Биздин чоңдор жаман болуп жатышса керек андай жасаган болбойт деп.
+5
oSporte
2019-05-29 12:18:08
Лысый из браззерсби алдагы киши
0
Samatalibei
2019-05-29 12:49:27
Мусульман болбосо да кайрымдуулук кылып жатат. А биздин байлар кайрымдуулук десен титирешетко.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан