Тегерандын мурунку мэри жана президенттин кеңешчиси аялын өлтүрүүгө шектелүүдө

Тегерандын мурунку мэри жана президенттин кеңешчиси Мохаммад Али Нажафи түшүнбөстүктөрдөн улам аялын өлтүргөнүн билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 28-майда Тегерандын түндүк тарабындагы турак жайлардын биринде орун алган. Жергиликтүү маалымат каражаттары экс-мэрдин аялы октон улам каза болуп, анын жансыз денеси үйүнөн табылгандыгын жазып чыгышкан.

"Иликтөө иштеринин алкагында экс-мэр жана президенттин экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Мохаммад Али Нажафи аялын атып өлтүргөнүн моюнуна алган. Ал өз сөзүндө буга жубайы экөөнүн ортосундагы пикир келишпестик жана түшүнбөстүктөр себеп болгонун билдирген. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан