"Супер хитке" Роза Шакированын 1 жарым жыл мурда тартылган "Сени менен" чыгармасы кошулду

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордун Роза Шакированын "Сени менен" чыгармасы толуктады.

"Чыгарманын обону мага, сөзү өкүл балам Тимур Салиевге таандык. Ырдын жаралганына 3 жылдай болду. Ал эми клип дагы 1 жарым мурда тартылган. Жеке иштериме байланыштуу клипти өз убагында ала албай жүрдүм", - дейт ал.

22-МАЙДАН 29-МАЙГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:

10-орун - Нияз Абдыразаковдун "Жубайым" чыгармасы эң аз добуш топтоп сынактан четтетилди.

9-орунду - Мирбек Иманбеков менен Наргиза Айтемированын "Жаным" клиби багындырды.

8-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Гүлзат Мамытбектин "I can fly" чыгармасына буюрду.

7-орунду - Самара Каримова менен Данияр Эрматовдун "Тунук сүйүү" аталышындагы клиби камсыздады.

6-орунда - Кенже Дүйшеева менен Кубаныч Сатаевдин "Жан досум" видеоклиби жайгашты.

5-орунду - Алмаз Шаадаевдин "Жаркыным" видеокомпозициясы камсыздады.

4-орунда - Баястан менен Тамганын "Сени жактырам" чыгармасы жайгашты.

3-орун - Фарида Карбосованын "Ашыгам" аттуу ырына тартылган клиби алдыңкы үчтүктөн орун алды.

2-орунду - Гүлжигит Сатыбековдун "Жаштык ыры" аттуу видеокомпозициясы ээледи.

1-орун - Эрлан Андашев менен Ирина Шоттун "Жаным, жаным" чыгармасына буюрду.


Сүйүктүү клипиңизге добуш берүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан