"Универсал" жана "No name" командаларынын жигиттери Ташкентте өткөн КВНде 1-орунга ээ болуп, чейрек финалга чыкты. Бул тууралуу оюнга катышкан күлкү жаратуучу Кадыр Жарматов билдирди.
"Өзбекстанда КВНди QVZ деп коюшат. Аталган оюнга чакыруу алганбыз. "No name" командасынан мен жана Икрам Юлдашев, ал эми "Универсал" командасынан Калыбек Турдубаев менен Садык Нышанбай уулу болуп "Кыргызстан-Ош" командасын түздүк. Оюнга катышкан 6 команданын ичинен биз 1-орунду ээлеп, чейрек финалга чыктык. КВН жалпысынан 20 күн болот, күнүгө 6 команда оюн көрсөтүп жатышат. Чейрек финалга 50 команда чыгып, жарым финалга 25 команда өтөт. Ал эми финалда 5 команда баш байге үчүн ат салышат. Чейрек финал күз мезгилинде болот", - дейт ал.