Жылдыздар карылар үйүнө кайрымдуулук кылышты

Ырчылар Алтынай Нарбаева, Кенже Дүйшеева, Кутман Жолдошев, Эрнист Бөрүбаев баш болгон чыгармачыл топ Төмөнкү Серафимовка айылындагы карылар үйүнө барып, концерт берип, карыларга ооз ачырып келишти.

Ырчы айым Кенже Дүйшеева Орозо айында карылардын көңүлүн көтөргөнүнө кубанганын айтып, буларга токтолду: "Өзгөн өнөрпоздору" деген тобубуз бар. Ошол жактан бир бөлүгүбүз балдар үйүнө, экинчи топ Төмөнкү Серафимовкадагы карылар үйүнө бардык. Ал жакта 320 адам жашап, арасында төшөктө жаткан ата-апалар да бар экен. Көрүп жүрөгүбүз ооруду. Алар да бир кезде бала-чакасынын курчоосунда карылык кечирсек деп ойлошсо керек.

Бир сааттык концертибизде карылар көздөрүнө жаш алып ыйлап жатышты. Муну мен кусалык, сагынычтын көз жашы деп ойлойм. Ата-апаларга азык-түлүк, кийизден 100 чакты калпак белек кылдык", - деди ырчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Samatalibei
2019-05-29 17:29:34
Жакшы кабар Ошол жердеги Чон Ата Чон энелер бизге Алла сабыр ден соолук берсин!Бул дуйнодо корбогон жакшылыкты аркы дуйнодо Аллах чексиз жакшылык берсин!
+3
i1urp
2019-05-29 18:02:28
Жараткан Тенирим сиздерге ыраазы болсун.
-5
Samatalibei
2019-05-29 20:30:24
i1urp, Жазган созуно озун тушунупатасынбы?
0
talas0707
2019-05-29 19:51:03
Жакшылык кылгандары жакшы, бирок элге жарыялагандары туура эмес.
0
mira28
2019-05-30 03:57:14
talas0707,Туурале жарыялаган.Башка ырчыларга улгу болсун.Кымбат той койногун,интернет аркылуу тапкан акчасын,басканын турганын жарыялап эле жатышпайбы мактанып.Мактанарлык ишти ушу эде агалар жасаптыр.Карылардын батасын алып азаматсыздар.Чонтогуно акчасы батпай тайрандаган Самара Асель Кадырбекова,Нурлан Насип дагы жаны кошулган Аваз Акимов беле тоюн жар салган мына ошолорго сабак болсун.
0
karona12
2019-05-29 20:47:06
Силерге Алла ыраазы болсун .
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан