Ысык-Көлдө өрттүн кесепетинен 2 жаран каза болду

Бүгүн, 1-августта саат 08:45 чамасында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бактуу-Долоноту айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыкты. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, кырсык болгон жерден өрт өчүрүүчүлөр 1938-жылы туулган Виктор Власов жана 1930-жылы туулган Валентина Власова аттуу жарандардын жансыз денелерин табышкан. Өрттүн кесепетинен үй эмеректери жана кийим кечелер күйүп кетти. Кырсыктын келип чыгуусуна тамеки чегүүдөгү этиятсыздык себеп болгону болжолдонууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан