Нарын облусунун Ат-Башы айылында 36 жаштагы аялды сабап, андан соң зордуктаган деп 25 жаштагы жаран шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-май күнү болжол менен саат 12:30 чамасында милицияга И.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда 36 жаштагы И.Ш. аттуу эжесин белгисиз адам сабап, андан соң өзү менен кошо алып кеткендигин билдирген.
"Бул факты боюнча Ат-Башы РИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү 25 жаштагы жаран экендиги аныкталган. Бүгүн, 29-майда 11:30 чамасында Ат-Башы айылынан шектүү К.Б.у. колго түшүрүлдү. Ошондой эле аялдын ден соолугуна коркунуч келтирилгени жана зордукталганы аныкталган. Учурда бул факты боюнча тергөө иштери башталды", - деп билдирет басма сөз кызматкери.