Филиппин өлкөсүндө мектептин жана колледждин ар бир бүтүрүүчүсү жогорку билим алыш үчүн 10дон бак тигүүсү керек. Мындай мыйзам аталган өлкөгө жаңы киргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, көчөт тигүү мыйзамы окуу жылы аяктар убакта аткарылып, ал салтка айлануу менен бирге дүйнөлүк климаттын өзгөрүшүнө каршы багыттоо болуп саналат.
"Эгер мыйзам иштеп, бак тигүү иши аткарылса, ар бир муун 525 миллиард бак тиккен болот. Ал эми ошол тигилген бактын 525 миллиону гана өсүп чыкса, анда биздин келечек үчүн абдан пайдалуу. Бирок бак тигүүдө ар бир шаарлар, аймактар өздөрүнүн климатына жараша бактын өсө турган түрүн тигүүсү керек", - деп жазылат мааалыматта.
Ал эми Филиппин өлкөсүнүн Магдало партиясынын төрагасы "ушул көтөрүлгөн демилгеге ыраазы болушубуз керек. Себеби жыл сайын 12 миллиондон ашык башталгыч классты, 5 миллиондон ашык орто мектепти ал эми 500 миңден ашык колледжди биздин окуучулар бүтүрөт. Эгер бул мыйзамды сактап, ар бир окуучу бак тиккен болсо, анда өлкөгө жылына 175 миллион бак тигилди деп эсептей берсек болот", - деп билдирген.