Бишкектеги көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
"Өрт жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдөн чыккан. Тактап айтканда, жыгач курулуш материалдары күйүп кеткен. Тилсиз жоо 23:03тө толук өчүрүлдү. Жабыркагандар жок", - деди басма сөз кызматкери.