"Челсинин" чабуулчусу Эден Азар командадан кеткенин айтты

30-майга караган түнү Азербайжандын Баку шаарында футбол боюнча Европа Лигасынын финалында лондондук командалар "Челси" менен "Арсенал" беттешкен. Анда "Челси" клубу жеңишти 4:1 эсеби менен жеңишти камсыздаган. Жеңишке жеткен футбол командасынын чабуулчусу Эден Азар бул анын акыркы оюну экенин билдирген. Бул тууралуу батыш маалымат булактары жазып чыгышты.

"Челси" футбол командасынын чабуулчусу Эден Азар: "Ооба, бул менин "Челси" клубундагы акыркы оюнум болду. Футболдо эмне болуп кетерин билбейсиң. Мен Премьер-Лигада оюн көрсөтүүнү кыялданчумун. Кыялымды дүйнөдөгү эң мыкты футбол клубдарынын биринде ойноп, 7 жыл аралыгында ишке ашырдым", - деген ал.

Айрым чет элдик маалымат каражаттары Эден Азар бир аптадан кийин мадриддик "Реал" клубуна өтөрүн жазып чыгышкан. Анда Эден Азар "Реал" клубу менен 4 жылга келишим түзгөн деген маалымат айтылат. Ошондой эле аталган клуб футболчу менен 130 миллион еврого келишим түзгөнү жана анын бир апталык маянасы 463 миң еврону түзөрү жазылган. Ал эми футболчу азырынча кайсы клубга кетерин маалымдай элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Makkambaev97
2019-05-30 10:50:31
Реалга куш келипсиң
+5
Bale1111
2019-05-30 12:14:29
Реалга өтөт буюруса
+5
nemo2016
2019-05-30 12:49:06
азардын куйорманы болчум реалга отсо чын журок барибир болуп калат экен
-2
Jeenbek.
2019-05-30 21:44:58
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан