Будапештте кеме чөгүп, 7 адам каза болду. Дагы 19 адам дайынсыз болууда

Венгриянын Будапешт шаарында кеме чөгүп, 7 адам каза болду. Дагы 19 адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя 30-майга караган түнү Будапештте орун алган. Анда туристтерди ташыган эки кеме сүзүшүп, жыйынтыгында бирөөсү чөгүп кеткен. Кырсыкка учураган кеменин ичинде 34 адам болгон.

"Кеменин ичиндегилердин басымдуу бөлүгү Түштүк Кореянын жарандары экени айтылууда. Полиция кызматкерлери 18 адам куткарылып, анын ичинен 4 киши жабыркаганын жана дагы бир жүргүнчү жээктен аман-эсен табылганын маалымдады. Учурда дайынсыз жоголгондорду издөө иштери улантылууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан