Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында мектеп окуучусу көлгө чөгүп каза болду. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы таратты.
"29-май күнү саат 17:40 чамасында Пристань-Пржевальск айылында 2004-жылы туулган А.Э. аттуу бала көлгө чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат “102” кызматынан түшкөн. Издөө иш-чараларын жүргүзүүгө ӨКМдан жалпы 9 куткаруучу барган. Саат 19:57де баланын жансыз денеси көлдүн жээгинен табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген", - деп билдирет басма сөз кызматы.
Ал эми Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматкери Сталбек Усубакунов кырсыкты тастыктап, буларга токтолду:
"Каза болгон окуучу классташ балдары менен көл жээгине эс алганы барган. Алар быйыл мектепте 8-классты аяктап, 9-класска көчкөн муун. ӨКМнын кызматкерлери баланын денесин жээкке жакын 3 метрдей тереңдиктен алып чыгышкан. Ал чөгүп каза болгон аймак - булуң сыяктуу жер. Булуңдун 2 жээгинин аралыгы 12-13 метрдей болот. Жергиликтүүлөр ошол жерди сүзүп өтүп мелдешип же ойноп жүрүшөт. Классташтарын суракка алганда алар маркум аркы өйүзгө сүзүп баратып чөгүп кеткенин айтышты. Кырсык бирдиктүү реестрге каттоого алынып, экспертиза дайындалды", - деп билдирди ал.