Ош жана Жалал-Абад шаарларында өзбек киносунун күнү болот. Бул тууралуу кинематография департаменти маалымдады.
Белгилүү болгондой, иш-чаранын алкагында "Делбирим", "Сабот", "Иссык нон" жана "Гиждувоний" тасмалары көрсөтүлөт. Тасмалар Ош шаарында 6-8-июнда, Жалал-Абад шаарында 7-июнда көрсөтүлөт.
Кирүү акысыз.