Ырчылар Ирлан Таалайбеков менен Нурмат Садыров "эң кары" студент аталышты

Эстрада ырчылары Ирлан Таалайбеков менен Нурмат Садыров жогорку окуу жайды аяктап, дипломго ээ болушту. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин коомдук-маданий ишмердүүлүк менеджери факультетинде билим алганын Ирлан Таалайбеков билдирди.

"Буга чейин Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинде информатика, физика бөлүмүндө окуп, дипломго ээ болгом. Кийин искусство университетинин коомдук-маданий ишмердүүлүк менеджери факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшыргам. Кечээ, 29-майда дипломдук ишибизди жактап, "4" деген баа алдым. Нурмат Садыров экөөбүз тайпалашпыз", - дейт ал.

Ал эми аталган факультеттин деканы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Асел Турдалиева Ирлан Таалайбеков менен Нурмат Садыровду окууну ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, "эң кары" студенттер деп тамашалады.

Ирлан Таалайбеков менен Нурмат Садыров "эң кары" студент болушту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
katerina.li
2019-05-30 15:51:55
Кары болгондо канчадп эми булар. Ирлан отоле семирип кетиптир ээ. Харизма жок вообщеле
0
toma95
2019-05-31 01:06:34
Билим алуу жашка карабайт...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан