Казакстандык белгилүү ырчы Димаш Кудайбергенов өзүнүн расмий сайтын ачты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, сайтка ырчы Димаш Кудайбергеновдун чыгармачылыгындагы жаңылыктары, келечек пландары, концерттери, кайрымдуулук иштери тууралуу маалыматтар жарыяланып турат. Ошондой эле "Казакстан" деген бөлүм дагы болот. Анда ырчы күйөрмандары үчүн өз өлкөсүндөгү кооз жерлерди сүрөткө, видеого тартып, маалымат берип турат.
Сайттагы маалыматтар улам жаңыланып, толукталып турат. Учурда сайтта Димаш Кудайбергеновдун өмүр баяны, эл аралык музыкалык сынактарга катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар.