Рамзан Кадыровдун уулу "Эртугрул" аттуу түрк сериалына тартылды

Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыровдун баласы Адам Кадыров түрк сериалына тартылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Рамзан Кадыровдун аталаш бир тууганы Турпал-Али Ибрагимовдун социалдык тармактагы билдирүүсүнө таянып жазып чыгышты.

Турпал-Али Ибрагимов Адам "Эртугрул" аттуу сериалга тартылып жатканда өзүнүн мыктылыгын көрсөткөнүн жазып чыккан.

"Мен Адамдын Кадыровдордун жолун татыктуу уланткан инсан болушун каалайм" деген ал.

"Эртугрул" сериалы Чечен Республикасында дагы популярдуу сериалдардын катарын толуктайт. Буга чейин Рамзан Кадыров үй-бүлөсү менен аталган сериалды көрөрүн билдирген. Ал Түркияга барганда "Эртугрул" сериалы тартылып жаткан жерге барып, башкы каармандар менен таанышкан. Аны менен өлкө башчысы тартуучу топту, актёр, актрисаларды Чечен Республикасына чакырган. Тасма тартуучу топ Грозный шаарына барып, сый көрүп келишкени жазылат маалыматта.

Рамзан Кадыровдун Айшат, Хадижат, Хутмат, Табарик, Ашура аттуу 5 кызы жана Адам, Ахмад, Зелимхан аттуу 3 уулу бар.

Рамзан Кадыровдун кичүү баласы түрк сериалына тартылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
interpol
2019-05-31 15:01:06
Эртугрулдун кыргызча которулганын [moderated]тан кантип тапса болот
0
Sajakat14
2019-05-31 15:43:36
Кыргыздын боз үйлөрүн тигип алышыптыр. Кыргызды деле кошуп тартышпайбы фильмди түрктөр! Каяктагы чеченди тартпай. Чечендерге караганда биз жакынбызго.
0
Eli.91
2019-05-31 17:24:33
Жаман соонун кино экен Казакстандын каналдарынан берип жаткан бутуп калды,ушандысын дагы берсе керек.
0
jalgyzym...
2019-06-01 05:39:14
Eli.91,интернетте кыргызчасы жок болуп жататко кайсыл жерден тапса болот?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан