Канадада мектептин полун жууп иштеген адам лотереядан 7 миллион доллар утуп алганы менен жумуштан кеткен жок

Филиппиндин 58 жаштагы Вито Халасан аттуу жашоочусу 2009-жылы турмуш-тиричиликтен кыйналып, үй-бүлөсү менен Канадага көчүп келген. Үч баланын атасы Халасан мектептердин бирине пол жуугуч болуп ишке орношкон. Анын жашоосу жөнүндө чет элдик маалымат булактары жазып, туура он жылдан кийин жашоосунда күтүүсүз өзгөрүү орун алганын белгилеген.

Тактап айтканда, ал лотереядан 7 миллион Канада долларын утуп алган. Ал орто эсепте 345 миллион сомдон ашат. Вито Халасандын көзү жакшы көрбөгөндүктөн лотереянын номерин өтө көпкө чейин тиктеп турган. Канча ирет текшербесин андагы номерлер утушка ээ болгон номер менен дал келген.

Кызыгы, Халасан турмушундагы мындай өзгөрүүлөрдөн кийин да мурдагы жумушунан кетпей турганын айткан. Болгону иштеген күнүн кыскартып, калган убактысын балдарына арнай турганын билдирген. Ал каражатты балдарынын мыкты келечеги үчүн жумшай турганын белгилегени жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
bond02
2019-05-31 18:21:42
Бизде мынча акча уткан адам туз эле ак уйду коздой жономок да, депутат болом деп.
+31
Shekeev969798
2019-06-01 00:55:35
bond02,Адам тааныбай калат де)))
+13
Kumarchik
2019-06-01 13:19:28
bond02,
0
ai_bi0914
2019-06-01 02:43:12
Кайдан,тоноп кетишет.
+12
Komrad
2019-06-01 12:42:11
Бизде ич кийимчен устуно шуба кийип, очки тагынып, водитель жалдап алмак да, колунда виски..
+4
basyz-kaman
2019-06-01 14:23:38
Бизде карапайым адам утуп алса "Каралар" алдына барышмак долья бересиң деп
+6
Dembele84
2019-06-01 21:18:14
Туура,биздикилер сразу асманды карап адам тааныбай калмак,байлык биздикилерди слишком озгортуп койот
-1
datkayimjan
2019-06-02 12:02:32
Адамга байлык сыноо учун берилет
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан