ЖАМК билдиргендей, бүгүн, 1-августта саат 05:00 чамасында Каракол шаардык №23-СИЗОнун кызматкери, ички кызматтын кенже сержанты Назарбек уулу Улукбек көкүрөгүнө тийген октон каза болду.
Азырынча анын өлүмү тууралуу толук маалымат жок. Окуя болгон жерде облустук прокуратуранын кызматкерлери иш алып барууда. 20-жаштагы Улукбек үйдөгү 4 бир туугандын улуусу болгон. СИЗОго өткөн жылдын май айында ишке орношкон.