АКШда Виржиния Бич шаарындагы кол салуудан 10дон ашык адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, Виржиния шаарынын мэриясынын кызматкери имаратка кирип алдынан чыккандарга ок чыгарган. Акыркы маалыматтарга ылайык, каза болгондордун саны 11ге жетсе, дагы 4 адам жаракат алган.
"Кылмышкер 40 жаштагы кызматкер Девейн Креддок экендиги аныкталды. Ал колго түшүрүү учурунда жаракат алды. Мындай кадамга эмне үчүн баргандыгы белгисиз. Бул Виржиниянын тарыхындагы эң кайгылуу күн болду", - деп билдирген шаар мэри.