Орусиядагы жарылуучу заттарды өндүргөн заводдогу жарылуудан жабыркагандардын саны 100гө жакындады

Орусиядагы жарылуучу заттарды өндүргөн заводдогу 2 жолку жарылуудан жабыркагандардын саны 100гө жакындады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, кырсык кечээ, 1-июнда орун алган. Алдын ала маалыматтар боюнча жарылуу тротил өндүрүүдөгү техникалык катачылыктан болушу мүмкүн.

"Жарылуу күчтүү болгондуктан коңшу имараттардын айнектери талкаланып кеткен. Учурда жакын жайгашкан аймактарда өзгөчө кырдаал жарыяланып, "Өндүрүштүк коопсуздук эрежелерин бузуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Акыркы маалыматтарга ылайык, медициналык жардам алуу үчүн заводдун 39 кызматкери жана 42 шаар тургуну кайрылып, 15 адам ооруканага жеткирилди. Бирөөнүн абалы оор. Жабыркагандардын арасында балдар жок.

Кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн 350 кызматкер жана 40 техника тартылды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан