Палестинага каршы беттешке чакырылган Кыргыз футболчуларынын курамы белгилүү болду. Бул тууралуу футбол федерациясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, башкы машыктыруучу Александр Крестинин 11-июнда өтө турган беттешке даярдануу үчүн 22 футболчуну чакырган. Окуу машыгуу жыйындары эртең, 3-июнда башталат.
Окуу-машыгуу жыйындарына чакыруу алган футболчулардын тизмеси:
Дарбазачылар:
Калысбек Акималиев ("Абдыш-Ата"), Валерий Кашуба, Павел Матяш ("Дордой")
Коргоочулар:
Тамирлан Козубаев ("ПКНС", Малайзия), Мустафа Юсупов, Александр Мищенко, Айзар Акматов ("Дордой"), Андрей Долженко ("Илбирс").
Жарым коргоочулар:
Бахтияр Дүйшөбеков ("Башундхара Кингз", Бангладеш), Азиз Сыдыков ("Санат Нафт Абадан", Иран), Муролимжон Ахмедов, Ислам Шамшиев, Фархат Мусабеков, Антон Землянухин, Бекжан Сагынбаев, Кайрат Жыргалбек уулу ("Дордой"), Ахлидин Исраилов ("УиТМ", Малайзия), Турсунали Рустамов ("Худжанд", Тажикстан), Одилжон Абдурахманов ("Алай"), Гүлжигит Алыкулов ("Неман", Беларусь).
Чабуулчулар: Эрнист Батырканов, Мирлан Мурзаев ("Дордой").