Ооганстанда полиция участогунун жанында жардыруу болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жан кечти полиция участогунун жанынан унаасын жардырып жиберген. Жыйынтыгында 8 полиция кызматкери каза болсо, дагы 9 кызматкер ар кандай жаракаттарды алган.
"Окуя 2-июнда өлкөнүн чыгышындагы Газни провинциясында орун алды. 1 күн мурда Газниге жакын аймакта жарылуу орун алып, 10дон ашык тартип сакчылары жаракат алган. Орозо айы башталгандан тарта Ооганстандын ар кайсы аймактарында 10го жакын жарылуу орун алып, бир топ карапайым жашоочулар каза болгон. Баарын "Талибан" экстремисттик кыймылы моюнуна алды. Бийликтин Орозо айы бүткөнчө ок атууну токтотуп туруу сунушун аталган уюм кабыл алган жок", - деп жазылат маалыматта.