Египетте Орозо айынын урматына эң узун дасторкон жайылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалым болгондой, Каир шаарынан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан өлкөнүн жаңы административдик борборунда жайылган дасторкондун узундугу 3 чакырымга жеткен. 7 миң кишини коноктоого жете турган тамак-аш даярдалып, Египеттин улуттук тамактары коюлган.
Аталган иш-чарага "Гиннесстин рекорддор китебинин" атайын комиссиясы дагы келген. Алар рекордду каттоо чечимин бир нече күндөн кийин чыгарышат. Буга чейинки рекорд Бириккен Араб Эмираттарында катталып, дасторкондун узундугу 2900 метрге жеткен.
Азырынча аталышы жок жаңы административдик борбордун курулушу 2015-жылы башталган. 700 чарчы чакырым аянтты түзгөн шаардын курулуш иштери 2020-жылы курулуп бүтөт жана болжолдуу 6 миллион адамга ылайыкташкан. Аталган шаарга өкмөт, парламент баш болгон негизги бийлик бутактары көчүп келип, өлкөнүн административдик жана экономикалык борборуна айланат. Долбоорго 45 миллиард доллар бөлүнгөн.