Нариман Түлеев батирден башка мүлктөрүнүн баарына 2009-жылы ээ болгон

Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев Кытайдан автобустарды жана таштанды урналарын алып келүүдө мыйзамсыз, коррупциялык иштерди жасагандыгы үчүн айыпталып, 29-июль күнү 11 жылга эркинен ажыратылды. Тапшырган декларациясына таянсак, Түлеев 2011-жылы негизги иш ордунан 484 000 сом иштеп тааптыр. Ал эми башка булактардан 7,7 миллион сом киреше тапкан. Анын туугандары негизги иштеген жерлеринен сырткары 25,2 миллион сом киреше табышкан. Ошондой эле Түлеев жеке менчик мүлкү катары баасы 1,5 миллион сомдук коттеджин, 1,6 миллион сомдук батирин, 400 000 сомдук үйүн жана 3,4 миллион сомдук акцияларын айткан. Батирден башка мүлктөрдүн бардыгына Түлеев 2009-жылы ээ болгон. Батирди 2006-жылы сатып алган. Түлеев 2012-жылдагы декларациясын СИЗОдо жаткандыгына байланыштуу толтурган эмес.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан