"Ливерпуль" клубу Чемпиондор Лигасындагы жеңишинин урматына уюштурулган параддан өттү.
2-июнда өткөн парадда команда жасалгаланган автобустар менен Ливерпуль шаарынын көчөлөрүн кыдырып, күйөрмандарга Чемпиондор Лигасынын кубогун көрсөтүштү. Оюн-зоок, фейерверктер менен коштолгон майрамга 750 миңден ашык күйөрман чогулганын жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Чемпиондор Лигасынын финалы 2-июнга караган түнү Мадрид шаарында орун алды. "Ливерпуль" командасы дагы бир англиялык "Тоттэнхем" клубу менен беттешип, Мохаммед Салах жана Дивок Оригинин голдорунун жардамы менен 2:0 эсебинде жеңишке жетишти.
Финалдагы жеңиш "Ливерпуль" клубуна Чемпиондор Лигасынын 6-жолку кубогун алып келди. Буга чейин аталган клуб 1977, 1978, 1981, 1984 жана 2005-жылдары жеңишке жетишкен болсо, 1985, 2007 жана 2018-жылы финалда жеңилүү ызасын тартып калган. Алдыда 7 жолу жеңишке жетишкен Италиянын "Милан" жана 13 кубок чогулткан Испаниянын "Реал Мадрид" клубдары бар.