Талас районунда жол кырсыгы катталып, 10 адам ар кандай жаракаттарды алды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 2-июнда саат 22:25 чамасында Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 59-чакырымында, тактап айтканда, Кара-Ой айылында болгон. Анда Ауди-С4 үлгүсүндөгү унаа менен Хонда-Одиссей үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 10 адам ар кандай жеңил жаракаттарды алышкан. Жабыркагандар Талас облустук жана Чат-Базар айылындагы ооруканага жаткырылган. Жерине ӨКМнын №101 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, жабыркагандарды "Тез жардам" кызматы алып кеткен.