73 жаштагы түркиялык ырчы Ажда Пеккан социалдык тармактарда өзүнүн суктанарлык дене мүчөсү менен күйөрмандарын таң калтырууда. Ырчы айым Инстаграм баракчасында активдүү болгондуктан, жарым миллионго жакын катталуучу топтолгон.
Алгач Ажда айымдын лосина кийип түшкөн сүрөтү талкууга алынган. Бул сүрөттү күйөрмандары аябай жактырышып, суктануу менен кабыл алган. Бирок түркиялык ЖМКлар идеалдуу дене түзүлүштүн сыры атайын тигилген кийимде деп жазышты.
Ал эми ырчы идеалдуу дене түзүлүшүнүн сырын физикалык көнүгүүлөрдү жасоонун жана туура тамактануунун жыйынтыгы деп баса белгилеп келет. Анын айтымында, ар дайым балыктан жасалган тамактар менен азыктанат.
Түркиялык басылмалар Ажда пластикалык хирургдардын туруктуу кардары экендигин да жазып келишет. Журналисттердин жазганына караганда, ал бир нече ирет төшүн чоңойтуу үчүн операция жасаткан.
Мындан сырткары ырчы ушул жашында перзенттүү болууну да пландап, америкалык-индиялык дарыгерлер менен кеңешип жатканын Big Picture порталы жазган.