Саат 13:00гө карата Баткен облусу боюнча шайлоонун жыйынтыгы

Баткен облусу боюнча 6 шаардык кеңешке депутаттарды шайлоо жүрүп жатат. Саат 13:00гө карата жыйынтык чыкканын БШКнын сайты кабарлады. Алсак, Айдаркен шаардык кеңешине шайлоого 4 627 шайлоочу каттоодон өткөн. Жогоруда аталган саатка карата 675 жаран, башкача айтканда, катталгандардын 14,59 пайызы добуш беришти. Баткен шаардык кеңешине катталгандардын саны - 12 616, анын ичинен добуш берүүгө келгендердин саны - 2 304 (18,26%), Исфана шаардык кеңеши (17 734 шайлоочу катталган) - 3433 (добуш бергендердин саны, пайыз менен алып караганда 19,36%), Кадамжай шаардык кеңеши (5 500) - 1 007 (18,31), Кызыл-Кыя шаардык кеңеши (20 037) - 5 354 (26,72%) жана Сүлүктү шаардык кеңеши (8 837) - 3 230 36,55%.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан