Британияда жүрөк оорусу кармап калган адамды аялы коңурук тартып жатат деп ойлоп, "Тез жардам" чакырбай койгон

Британияда жаран уктап жатып жүрөгү токтоп калган. Баарынан кызыгы анын жүрөк оорусу кармап, кырылдап жатканда аялы коңурук тартып жатат го деп ойлоп, "Тез жардам" кызматын чакырууга шашылган эмес. Окуя тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

43 жаштагы Стефан Уиллис аттуу жаран күндөгүдөй эле үй-бүлөсү менен кечинде тамактангандан кийин уктоочу бөлмөсүнө кеткен. Анын Жемайма аттуу жубайы баласын уктатып коюп уктоочу бөлмөгө барганда башкача добуштарды уккан. Алгач күйөөсүн коңурук тартып жатат го деп ойлоп, маани бербей эле жүрө берген. Качан гана жанына барып колун кармап көргөндө, алакандары жабышкак болуп сууланышып калганын байкаган. Куткаруу кызматына чалган аялына адистер жардам жетип барганча өпкөсүнө жасалма дем алдырууну үйрөтүшкөн.

Аңгыча жете келген "Тез жардам" кызматы дефибриллятордун жардамы менен жүрөктүн согуусун камсыздашкан да, шашылыш ооруканага алып жөнөшкөн. Жүрөктүн токтоп калуусунан улам Уиллис инсульт алган. Аны атайын аппаратка жаткырышып, көз ачып жумганча эле жаран оор абалга келип калган.

Аялынын айтымында, Стефан Уиллис сергек жашоо менен алек болуп, спортту сүйчү. Ошол окуядан бери ал күйөөсүн тыңшап, түнкүсүн улам ойгоно берген адат тапкан. Ал эми дарыгерлер анын жүрөгү эмне себептен токтоп калгандыгынын себебин аныктай алышкан эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан