Бишкекте 27-майда окуучулар мушташып 9-класстын окуучусу каза болгон факты боюнча жаңжалдын бир катышуучусу кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Кылмыш иши Жазык кодексинин 138-берене "Этиятсыздыктан улам өлүмгө алып келген ден соолукка оор залал келтирүү" фактысынын негизинде козголгонун аталган мекемеден билдиришти.
Бишкек шаарынын №48 мектебинин короосунда эки окуучу мушташып кеткендиги аныкталган. Өспүрүм мушташтан кийин үйүнө барган бирок өзүн жаман сезгенинен улам "Тез жардам" кызматы аркылуу ооруканага жеткирилип, 28-майда эртең мененки 7:00 чамасында каза болгон.