
Мындай маалыматты чет элдик басылмалар Мехико шаарынын мэри
Клаудия Шейнбаумдун социалдык тармактагы билдирүүсүнө таянып чыгарышты.
Клаудия Шейнбаум мындай чечимди өлкөнүн билим берүү министри менен биргеликте кабыл алганын айткан.
"Мындан ары юбка бир гана кыздардын гардеробундагы эксклюзивдүү кийим болуп эсептелбейт. Ал эми шым бир гана эркек балдарга таандык болбойт. Бул чечим өлкө жарандарынын тең укуктуулугун сактоо максатында кабыл алынды", - деген ал.
Жогорудагы эреже күчүнө кирип, иштей баштады. Аталган мамлекеттин билим берүү министри өлкөнүн бардык аймактарындагы мектептерде жаңы форманы кийүүгө чакырды.