Башкортостанда балдар лагеринде флагшток кулап, өспүрүмдү басып калды. Кырсыктын кесепетинен ал каза болду

Башкортостанда балдар лагеринде флагшток кулап, өспүрүмдү басып калды. Кырсыктын кесепетинен ал каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 3-июнда Бирский районундагы лагерлердин биринде орун алган. Анда флагшток кулап 15 жаштагы өспүрүмдү басып калган.

"Оор жаракаттардан улам өспүрүм окуя болгон жерден каза болуп калган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө комитети тарабынан иликтөө иштери башталды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан