Украинанын президенти Володимир Зеленский чиновниктердин мыйзамсыз активдерин конфискациялоону сунуштады. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.
Мындай мыйзам долбоорун Зеленский радага сунуштаган. Мыйзам долбооруна ылайык, мыйзамсыз байыган аткаминерлерди мыйзам жолу менен жоопкерчиликке тартууну жандантуу каралган.
"Учурда документтин толук тексти жарыялана элек, бирок анда мыйзамсыз алынган активдерди конфискациялоо каралганы маалым. Февраль айында Конституциялык сот мыйзамсыз баюу боюнча Кылмыш жана жаза кодексиндеги беренени жокко чыгарган болчу. Мындай чечимди кабыл алган судьялар, бул берене айыпсыз деп болжолдоо принцибин бузуп жана үй-бүлө мүчөлөрү же жакындарына көрсөтмө берүүдөн баш тартканы үчүн жоопкерчиликке тартууга болбой турганы менен түшүндүрүшкөн", - деп айтылат маалыматта.