Ош шаарында мыйзамсыз курулуп жаткан көп кабаттуу үй сүрдүрүлүп жатат. Маалыматты шаардык мэриядан тастыкташты.
Белгилүү болгондой, Масалиев көчөсүндө 13 кабаттуу үйдүн курулушу жүрүп жаткан. Шаар бийлиги тарабынан үйдүн пайдубалы казылып баштаганда эле эскертүү берилген.
"Аталган үйдүн курулушу сот тарабынан мыйзамсыз деп табылган. Буга чейин шаар тургундары кайрылып, мыйзамсыз курулуш боюнча чара көрүүнү суранышкан. Шаар башчысы тиешелүү кызматкерлерге курулушту токтотуу тапшырмасын берген. Азыркы учурда үйдү сүрдүрүү иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.