
Индиялык ишкер
Юсуф Али Бириккен Араб Эмираттарында "алтын виза" алган биринчи чет өлкөлүк болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, аталган виза БАЭде өмүр бою жашоого укук берет. "63 жаштагы ишкер Юсуф Али жакынкы чыгыштагы Lulu Group гипермаркеттер тармагына ээлик кылат. Ал БАЭде 45 жылдан ашуун жашаган. Анын жалпы байлыгы 4,7 миллиард долларды түзөт. Март айында Бириккен Араб Эмираттарынын өкмөтү чет өлкөлүк инвесторлорго 5-10 жылдык "резиденттик визаларды" берүүгө уруксат берген. Ал эми "алтын виза" берүү чечими май айынан баштап кабыл алынган. "Алтын визаны" алууга инвесторлор, окумуштуулар, жогорку квалификациядагы адистер жана таланттуу студенттер кайрыла алышат", - деп жазышат басылмалар.