Малайзиянын мурдагы падышасына турмушка чыккан орусиялык модель мураскер төрөдү

Малайзиянын мурдагы падышасы Мухаммад V`ке турмушка чыккан "Москва сулуусу-2015" сынагынын жеңүүчүсү Оксана Воеводина көз жарды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына 4-июнь күнү жазып чыккан. Анда ал 21-майда уулдуу болгонун жана кош бойлуу кезиндеги учурлар тууралуу билдирүү калтырган.

"Кош бойлуу кезимде мага төрөттөн кийинки өзгөрүүлөр тууралуу көп айтышкан. Анын баары чын экен. Ал эми балага болгон сүйүү өзгөчө, сезимдер башкача. Эми биз үчөөбүз. Биздин үй-бүлөнү тандаганыңа рахмат, уулум" деген билдирүүсүн калтырган.

Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, ымыркайга Тенку Исмаил Леон Петра бин Тенку Мухаммад V Фарис Петра деген ысым коюлган. Орусиялык модель үчүн кош бойлуулук аябай оор болгон. Ал 90 күн бою ооруканада жатып, тамчылатып ийне саюу алганын айткан.

2018-жылы 22-ноябрда 49 жаштагы Мухаммад V "Москва сулуусу-2015" сынагынын жеңүүчүсү, модель Оксана Воеводинага баш кошкон. Ал эми алардын ажырашуусунун себеби Мухаммад V'тин өз эрки менен тактан баш тарткандыгынан улам деген маалыматтар тараган. Кийинчерээк жубайлардын ажырашуусу тууралуу маалымат эч ким тарабынан тастыкталбаганы жана бул жөн гана ушак кептер экени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Dima85z
2019-06-05 11:24:12
Эркек
-1
J1irg
2019-06-05 11:32:58
Аялы абдан жакшынакай сулуу экен. Бирок байлык учун тийгени чын да.
+9
Wold
2019-06-05 11:56:12
Ноябрьдын 22 синде баш кошушса, анан ровно 6 айдан кийин 21-майда төрөсө, же мурда эле үйлөнүп тоюн кийин кылыштыбы?
-1
bond02
2019-06-05 12:08:10
Аа молодец аксакал.
0
Agayu
2019-06-05 12:13:44
Ушул биздин майдаланган жэрибиз бөйрөктөн шыйрак чыгарган пейилибиз өтө эле ашыкчада .Өздөрү билишет го , тем более бийликтин өкүлү экен.Мынчасында үйлөндү анан мынчасында төрөдү деп зеерикпей эсептеген адамдарга Ассаламу Алейкум!!!
+7
urmat94
2019-06-05 14:45:44
10 адамдын атын коюп коюптурго)) кийин чонойгондо атын айтып атып зееригип кетсе керек (тамаша) )))
+4
Nur777
2019-06-05 21:05:36
Баланын ысымындагы акыркы Петрасы таятасынын урматына коюлган го,алдынкылары жети атасы болсо керек))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан