28-июнда УКМК кызматкерлери тарабынан Нарында “Хизбут-Тахрир” уюмунун активдүү мүчөлөрүнүн бири, 1969-жылы туулган И.К.Б. аттуу жаран кармалган. Ал эми бир айдан кийин, тактап айтканда, 27-июль күнү кылмышка шектүүнүн ата-энесинин үйүнөн ири диний-экстремисттик китептер табылган. Бул тууралуу 1-августта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Кармалган адам учурда Нарын шаарындагы №4-СИЗОдо камакта. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.