Футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов АФКнын президенти, шейх Салман бин Ибрагим Аль Халиф менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов АФКнын президенти, шейх Салман бин Ибрагим Аль Халиф менен жолугушту. Бул тууралуу федерациянын сайтында жазылат.

Маалыматка ылайык, кечээ, 4-июнда Франциянын Париж шаарында Азия футбол конгрессинин атайын расмий иш-чарасы өттү. Андан соң Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов АФКнын президенти шейх Салман менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө АФКнын президенти Кыргыз өлкөсүндөгү футболдун өнүгүүсүндөгү позитивдүү учурларын жана улуттук команданын ийгиликтерин белгиледи. Мындан тышкары алар Кыргыз өлкөсүндөгү жана Борбордук Азиядагы футболдун өнүгүшү жана кызматташуусу тууралуу пикир алмашты.

Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов - АФКнын аткаруучу комитетинин мүчөсү. Ал Париждеги иш-чарада Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын, Ооганстандын, Ирандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын футбол уюму кирген Борбор Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) өкүлү болуп барды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
expert.007
2019-06-05 13:56:23
Эмне үчүн бизди кысып атышат десе. Көрсө үстүдөгүлөр шейхтер турбайбы
+2
Dembele84
2019-06-05 15:12:33
Молодец,ошончо мамлекеттин атынан окул болуп барыш да жаман эмес.
-1
Sahka
2019-06-05 15:59:06
АФК башында да арап экен да корсо. Тушунуктуу болду. Араптар сатып алат ко баарын
+3
nurtilek.kursanbekov
2019-06-05 22:48:46
Болушу мумкун
0
shankol88
2019-06-06 10:54:09
Салман бин Ибрагим Аль Халиф
Ысымы сонунгоо
Бир нерсе есиме келип кетти...
Мектепте эжекелер жоктогондо жарим саат жоктогонго кетсе керек убакыты....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан