Кечээ, 5-июнда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан футбол боюнча мелдеште Кыргыз курама командасы алгачкы беттешин өткөрдү.
Түркияга каршы өткөн беттеште жападан жалгыз гол 39-мүнөттө атаандаштын оюнчусу Мухаммет Арсланташ тарабынан жаралды. Оюндун калган бөлүгүндө да түркиялык футболчулар топко ээлик кылып, бир нече кооптуу абал түзгөнү менен, эсеп сандары өзгөрбөй, оюн 1:0 эсебинде жыйынтыкталды.
В тайпасындагы Кыргыз курамасынын башка атаандаштары Тажикстан-Греция беттеши 4:4 эсеби менен аяктады. Кийинки беттеш эртең, 7-июнда Тажикстанга каршы өтөт.
ФИФАнын мурдагы вице-президенти Валентин Гранаткиндин жаркын элесине арналган мелдешке 18 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн жалпы 12 курама команда катышып жатат. Кыргыз өлкөсү Тажикстан, Греция жана Түркия курамалары менен биргеликте В тайпасына туш келген.