Футбол федерациясынын жетекчилери ФИФАнын 69-конгрессине катышты

Футбол федерациясынын жетекчилери ФИФАнын 69-конгрессине катышты. Бул тууралуу федерациянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, конгресске катышкан делегацияны Футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов жетектеп барды.

"Кечээ, 5-июнда Франциянын Париж шаарында Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) 69-конгресси болуп өттү. Жыйынга ФИФАнын курамына кирген 211 улуттук ассоциациянын жетекчилери катышты. Кыргыз өлкөсүнүн атынан жыйынга Футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов, биринчи вице-президент Аскар Салымбеков жана башкы катчы Медербек Сыдыков катышты.

Конгресстин жүрүшүндө Жанни Инфантино 4 жылдык мөөнөткө ФИФАнын президенти болуп кайра шайланды. Мындан сырткары 2018-жылдагы каржылык ишмердүүлүк боюнча отчёт берилип, 2020-жылы футболго инвестициялоого 810 миллион долларды түзгөн каражат бекитилди", - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, ФИФАнын кийинки жыйыны 2020-жылдын май айында, Эфиопияда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан