Нарындын 270 тургуну каржы пирамидасын уюштургандарга 34 миллион сомун тарттырып жиберген

Нарындын 270 тургуну каржы пирамидасын уюштургандарга 34 миллион сомун тарттырып жиберген. Бул тууралуу Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз катчылыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектелгендердин бири чек арадан чыгып кетип жатканда кармалган.

"Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына Нарын облусунун тургундары арыз менен кайрылып, алдоо жолу менен акча каражаттарын алып койгон адамдардын тобуна карата чара көрүүнү суранышкан.

Арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмыш ишинин уюштуруучулары Э.А. кызы, А.Н. жана А.Р. аттуу жарандар экендиги аныкталды. Аталган адамдар 2017-2018-жылдары Нарын шаарындагы борбордук базарлардын биринин аймагында "Five Winds" деп аталган компаниянын кеңсесин ачып, Юстиция министрлигине жана Салык кызматына каттоого турбай, каржы пирамидасын уюштурушкан.

Бүгүнкү күндө алардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнөн Нарын облусунун 270тен ашык тургуну жабыр тартып, келтирилген чыгымдын суммасы 34 миллион сомдон ашкандыгы аныкталды.

24-майда сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө, Аламүдүн районундагы "Ак-Тилек" чек ара бөлүмүнөн өтүп жаткан учурда кылмыштуу бизнестин уюштуруучуларынын бири Э.А. кызы кармалып, соттун чечими менен 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген", - деп айтылат маалыматта.

Жогоруда айтылган "Five Winds" компаниясынан жабыркагандар болсо 0312 32-30-91 жана 0312 32-37-07 телефондоруна кайрылса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Simels
2019-06-06 16:01:09
Финансовая пирамида башка коп мамлекеттерде запрет коюлган. Бизге дагы запрет кылыш булар мошенниктер болот кайдагы яхтаны частный самолетту обещайтетишип
+1
almanbetperm
2019-06-06 16:18:36
Бизнес сейфтегилер да 2 3 жылдан кийин ыйлап чыгышпаса
+1
Muratmipa
2019-06-06 22:11:22
almanbetperm,чыгышпаса эмес эле еще как чыгат
+1
Skarlett-Skarlett
2019-06-06 19:12:47
Лохотрон мунун баары,элдин акылы болсо жон эле оокатын кылса демекмин.
+1
zhaku2017
2019-06-07 13:44:12
Адамдарды кооз идеялар менен алдап, ээрчитиш оңой. Бирөөлөрдүн кооз сөздөрүн ээрчип банкрот болгондор. Кооз сөздөр айтыла берет, бирок иш жүзүндө баары тетири.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан