Германияда 85 оорулууну өлтүргөн бейтапкананын кызматкери өмүр бою эркинен ажыратылды

Германияда 85 оорулууну өлтүргөн бейтапкананын кызматкери өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, айыпталуучу Нильс Хёгель 2000-2005-жылдар арасында кеминде 85 адамды өлтүргөнү далилденип, мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгуу укугу жок, өмүр бою абак жазасына тартылды.

"Хёгель сотто каза болгондордун жакындарынан кечирим сурап, бир нече жыл бою оорулуулардын өлүмүнө себеп болуп келе жаткандыгын моюнуна алды. 42 жаштагы бейтапкананын кызматкери бир нече ооруканаларда иштеген. 2005-жылы анын оорулууга өлчөмүнөн көп дары берип жатканын медайымдардын бири байкап калган.

Кийинчерээк анын жүрөк-кан тамырларынын оорусу менен жабыркаган адамдарга ашыкча өлчөмдөгү дары куюп жүргөндүгү аныкталган. Хёгелдин мындай аракеттеринен улам 34 жаштан 96 жашка чейинки 200дөн ашык оорулуу жабыркагандыгы белгилүү болгон", - деп жазылат маалыматта.

Айыпталуучу эмне себептен мындай кадамга баргандыгын айткан эмес. Аны менен маектешкен психиатрдын айтымында, Хёгель психикалык жактан жабыркагандыктан адам өлтүрүү ага баңгизат колдонгон сыяктуу эйфориялык эффект берерин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
rysik79
2019-06-07 11:13:41
Санитарлар пол жууйт эле го. Бул медбрат го туура жазсаннар чырактар.
+2
Spartak0001
2019-06-07 12:14:21
rysik79,германияда санитарлар дарылап, укол сайса болот экен)) Орусча булактарда деле санитар деп жүрөт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан