Улуттар Лигасынын финалында Португалия-Нидерланды курамалары беттешет

7-июнга караган түнү Улуттар Лигасынын жарым финалында Нидерланды жана Англия курама командалары беттешти.

Беттеш Португалиядагы "Афонсу Энрикеш" стадионунда өттү. 32-мүнөттө Нидерланды курамасынын дарбазасына пенальти дайындалды. Айып соккуну Маркус Решфорд таамай аткарып, Англияны алдыга алып чыкты. 73-мүнөттө Маттейс де Лигт эсеп санын теңеди. Беттештин негизги убактысы тең чыгуу менен жыйынтыкталып, кошумча 30 мүнөт убакыт берилди. 97-мүнөттө англиялык коргоочу Кайл Уокер өз дарбазасына гол жаратып атаандашын алдыга алып чыкса, 114-мүнөттө жаралган Квинси Проместин голу эсеп санын Нидерланды өлкөсүнүн пайдасына 3:1ге айлантты. Жыйынтыгында Англия курама командасы жеңилүү ызасын тартып, Улуттар Лигасынын финалына чыкпай калды. Эми аталган команда 3-орун үчүн Швейцария менен беттешет.

Жарым финалдык беттештин 1-жубу Португалия-Швейцария беттеши 6-июнга караган түнү Порту шаарында орун алып, талаа ээлери жеңишке жеткен.

Португалия-Нидерланды беттеши 10-июнда орун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
nemo2016
2019-06-07 11:23:53
Галландиялыктар кучтуу чабууларды жасашты Португалияны дагы уйуно кетиришет
-7
Turdakun85
2019-06-07 13:16:44
nemo2016,финал португалияда болот анан кантип үйүнө кетирет
+1
nemo2016
2019-06-09 12:43:13
Turdakun85,анда уйунон качырат
0
Janym_ata_enem
2019-06-07 11:28:31
Португалия алга
+5
Turdakun85
2019-06-07 13:17:20
Португалия чемпион Криш дубль
+3
mister_akkuu
2019-06-08 04:54:29
Аякстын оюнчулары Ювентусту ыйлатып кетишкен,ошон учун Португалияны колдойм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан