Дубайда жол кырсыгы катталып, 15 турист каза болду

Дубай шаарында туристтер бара жаткан автобус кырсыкка кабылып, 15 турист каза болду. Маалыматты чет элдик басылмалар жазууда. Маалыматтарга караганда, каза болгондордон сырткары дагы 5 адам жаракат алган.

Окуя кечээ, 6-июнда орун алган. Кырсыкка кабылган автобус Оман мамлекеттик номерлүү болгон. Ичиндеги туристтер Омандагы Орозо Айт майрамынан кайтып келе жатышкан. Ал жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:40 чамасында жол белгини сүзүп алган. Каза болгон туристтердин жарандыктары такталууда.

"Транспорт каражатынын ичинде жалпы 31 жүргүнчү болгон. Аман калган жана жаракат алгандардын баары Дубайдагы Рашид ооруканасына жеткирилишкен", - деп жазат маалымат булагы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан