"Быйыл үч ай ичинде алтын өндүрүү пландар былтыркыга салыштырмалуу 50 пайызга көп болду" дейт жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасынын орун басары

Быйыл үч ай ичинде алтын өндүрүү пландары былтыркыга салыштырмалуу 50 пайызга көп болду. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда маалымат жыйында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасынын орун басары Карыбек Ибраев билдирди.

"Бул жылы үч айда "Кумтөрдөн" 6 тонна алтын өндүрүлдү. Жалпы Кыргыз мамлекети боюнча айта турган болсок, 3 айда 5 500 килограмм алтын алынды. 470 миң тонна көмүр өндүрүлүп, жакшы көрсөткүч болду. Былтыркыга караганда 26 пайызга көп. Быйыл 3 айда 55 миң тонна нефть өндүрүлдү. Былтыр бир жылда 200 миң тонна нефть өндүрүлгөн", - дейт ал.

Учурда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин 2018-жылдын үч айында аткарган иши боюнча маалымат жыйын өтүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
elchi84
2019-06-07 12:19:47
Коп болгону менен кандай пайдасы бар мамлекетке ошол чет элдик фирмалар жыргап жатат да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан