Хоккей боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Олимпиада оюндарынын тандап алуу этабында кимдер менен беттешери белгилүү болду

Хоккей боюнча Кыргыз улуттук курама командасы 2022-жылы боло турган кышкы Олимпиада оюндарына тандап алуу этабында кимдер менен беттешери белгилүү болду. Бул тууралуу Хоккей федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, квалификациялык оюндар Люксембургда ушул жылдын 7-10-ноябрь аралыгында орун алат. Оюн 3 этаптан өткөрүлөт.

Кыргыз курама командасы "N" тайпасына туш келген. Анда Бириккен Араб Эмираттары, Босния жана Герцеговина, Люксембург командалары бар. Беттештердин жыйынтыгында кайсы улуттук команда көп упай топтосо кийинки баскычка өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
TalaCSKA
2019-06-07 11:32:58
Ооо Эмираты оч алгылачы жигиттер !!! Же кайра ХХХХХ арабтар ?
0
ali1995
2019-06-07 15:35:25
Араптарды пешенеге жазып койгонбу эмне)))озубуздун жерде болсо жырткыла.Араптардын жериде алар акча мн жырьат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан