"Аннушка" аталышындагы кондитердик үйү Москва шаарында жайгашкан. Ал жерде өзгөчө дизайндагы таттуулар, торттор жасалат. 2009-жылы негизделген кондитердик үй улам жаңы технологиялар менен заманбап дизайн жасоону өздөштүргөн. Кондитердик үй жасаган торттордун кооздугунан кескенге кол барбайт. Аларды жебей эле карап отургуң келет.
Тортторду алгач көргөндө сувенир деп ойлойсуң. Кардарлар кандай дизайн кааласа, ошондой торт жасап бере алган чеберлердин колунан жасалган таттуулар сүрөттөрдө.