
Омск шаарынын тургуну 2 жаштагы кызы нанды үбөлөп жегени үчүн анын оозуна нан тыгып өлтүргөн. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя 9-май күнү шаардагы батирлердин биринде орун алган. Анда 28 жаштагы Омск шаарынын тургуну кызы нан жеп жатып күкүмүн жерге түшүргөнү үчүн жинденип, аны нанга какатып өлтүргөн.
"Кылмыштын изин жашыруу максатында шектүү менен бирге жашаган жарандык никедеги күйөөсү кыздын жансыз денесин белгисиз жайга алып барып бекитип келген. 19-май күнү кыздын өлүгүн жашырган адам аракка ууланып каза болуп калган. Кечээ, 6-июнь күнү полицияга кылмышка шектүүнүн курбусу кайрылып, анын 2 жашар кызы дайынсыз жоголгону тууралуу билдирген.
Алгач кылмышка шектүү кызы кайсы жакта экенин билбей турганын айткан. Ал эми сурак учурунда өз баласын өлтүргөнүн моюнуна алган. Учурда кыздын жансыз денесин издөө иштери жүрүүдө. Себеби аны каза болуп калган жарандык никедеги күйөөсү кайда бекиткенин айткан эмес. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. Кылмышка шектүү аял да аракеч экени маалым. Мындан сырткары, эмне себептен өз баласын өлтүргөн аялдын үй-бүлөсү тиешелүү мекемелердин кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнбөгөнү аныкталууда", - деп айтылат маалыматта.