БУУ: "Жер жүзүндө 821 миллион адам ачкачылыктан жабыркайт"

Бүгүнкү күндө дүйнөдө 120 миллиондон ашуун адам оор ачкачылыктан жабыркап келет. Эл аралык уюмдар 2030-жылга чейин бул санды кыскартуу аракетин көрүүдө. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун Азык-түлүк программасынын аткаруучу директору Дэвид Бизли билдирди.

"Биздин максат - 2030-жылга чейин ачкачылыкты түп тамыры менен жоюу. Дүйнөдө жалпысынан 821 миллион адам ачкачылыктан жабыркайт, бирок 124 миллионунун абалы оор," - дейт Бизли.

"Согуштардын узакка созулганы жана жаңы жаңжалдардын пайда болуусу - биздин башкы көйгөйүбүз. Тынчтыктын өкүм сүрүшү жана азык-түлүктүн жетиштүүлүгү мына ушул ачкачылыкты жоюунун эң башкы жолу. Мен дүйнөлүк лидерлерге ар дайым айтып келем: "ачкачылык көйгөйүн чечүү үчүн согуштарга чекит коюу керек", - деди ал.

2015-жылдын сентябрында БУУнун саммитинин күн тартибинде 17 бөлүктөн турган 15 жыл аралыгында аткарылуучу иштер каралган. Алардын негизгилери - ачкачылыкты, азык-түлүк тартыштыгын жоюу жана гендердик теңсиздик, климматтын өзгөрүүсүнө чара көрүү болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nursiyanur
2019-06-08 14:50:02
Бизде болсо ысырапкорчулук
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан